География, экология жана туризм факультетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» багытында окуп жаткан Айдай Астаркулова активдүүлүгү жана окуудагы ийгиликтери үчүн 2024-жылдын 21-декабрында коӊшу Астана шаарында болуп өткөн эл аралык конкурста «КМШнын мыкты студенти» наамына ээ болуп, I-даражадагы диплом, төш белги, статуэтка жана башка баалуу сыйлыктарга татыктуу болду.

Декан Рыскүл Токторова жана факультеттин эмгек жааматы Айдайы куттуктап, сыймыктанаарын айтышып, мындан аркы окууларына ийгилик каалашты.

(С) Сатыбалдиева Аида – илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий