2024-жылдын 18-декабрында Түркиянын Гиресун университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Ахмет Гүнгөр кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине “Котормо жана анын өзгөчөлүктөрү” аттуу конок лекция окуду.
Профессор өз кебинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун магистранты экендигин жана кандидаттык диссертациясын Кыргызстандан коргогондугун айтып өттү. Кыргыз илимпоздорунун илим-билимине жогору баа берерин баса белгилеп, окутуучуларга ийгилик каалады. Которуу процессинде сырдык сөздөрдү, фразеологизмдерди, тууранды сөздөрдү которуудагы кыйынчылыктар кезигери тууралуу кызыктуу илимий баяндама жасады.
Өзүнүн котормосундагы С.Жигитовдун, А.Осмоновдун ырларын түрк тилинде окуп берди. Ахмет Гүнгөр жеке ютуб каналы жана кыргызтаанымдары кошо камтылган сайты тууралуу маалымат берип, аны колдонуу жолдорун студенттерге түшүндүрдү.
Лекциянын соңунда факультеттин деканы Б.А.Жайлообаев профессор, филология илимдеринин доктору Ахмет Гүнгөргө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.
(С) Н.Осмонова – доцент


