2024-жылдын 16-декабрь күнү №7-жатакананын студенттери билимдин баалуулугун даңазалап, студенттерге илим-билимдин маанисин түшүндүрүүгө арналган “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу акыл ордо өткөрүштү.
Ага келген коноктор:
- “Дил Мүрөк” уюмунун жетекчиси, Чүй университеттин проректору, “Багыш” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары, журналист Акматов Темирлан
- Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Айтиев Бактыбек
- Студенттик жатаканалардын менеджери Шабданов Бексултан
- Педагогикалык колледждин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Жылдын мыкты мугалими” наамынын ээси Каныбек уулу Бекзат.
Акыл ордо жогорку деңгээлде өтүп, орун алган командаларга баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. Уюштуруучулар да диплом, грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
“Акыл ордого” катышкан катышуучулар билимдин мааниси тууралуу өз ойлорун бөлүшүп, студенттерди билимге, илимге чакырышты.
(С) Жакшылык кызы Асель – комендант





