2024-жылдын 12-декабрында кесиптик колледжде Ч. Айтматовдун 96 жылдыгына карата төмөнкүдөй иш чаралар өткөрүлдү:
1. Эскеруу кечеси (окутуучу Р.Доолотбакова тарабынан уюштурулду).
2. Окутуучу А.Акматова «Ч.Айтматов — кыргыздын көөнөргүс сыймыгы» аттуу сахна сабагын өттү.
3. №7-жатаканада кесиптик колледждин окутуучулары интеллектуалдык оюн өткөрүп, адабият күнүн белгилешти.
Ал эми 18-декабрь күнү кесиптик колледждин студенттери Чыңгыз Айтматовдун Үй музейине барышып, таазим кылышты.
(С) Касымбаева Кыял — тарбия иштери боюнча директордун орун басары