2024 жылдын 20-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу Эльмира Турсунова математика жана информатика институтунун студенттерине “Студенттердин жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү” деген темада семинар-тренинг өткөрдү.
Ал жеке брендди түзүү жана аны өнүктүрүү, жумшак көндүмдөрдүн мааниси жана аларды күнүмдүк жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктө колдонуу жолдору тууралуу жыйындын катышуучуларына кеңири маалымат берди. Сабактын жүрүшүндө о.э. катуу көндүмдөрдү өрчүтүү жана аларды жумшак көндүмдөр менен айкалыштыруу аркылуу ийгиликтүү адис болуу боюнча кеңештер айтылды. Семинарга катышкан студенттер өздөрүнүн профессионалдык жана жеке сапаттарын жакшыртуу үчүн жаңы билимдерди алышты.
Эльмира Абасовна оратордук чеберчиликтин негиздери, ишенимдүү сүйлөө жана аудиторияны тартуу ыкмаларын да үйрөттү. Семинарда студенттер ишенимдүү коммуникация, эмоционалдык интеллект жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү боюнча пайдалуу көндүмдөргө ээ болушту.
Иш чара интернет технологиялар жана башкаруу программысынын демилгеси менен уюштурулду.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент



