Ослодогу тарых музейинин директору, биология илимдеринин доктору Аннелеен Коолдун Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахмановго жазган кайрылуусунун негизинде физикалык география кафедрасынын башчысынын м.а. Алмагүл Кендирбаева 10-сентябрдан 17-сентябрга чейин норвегиялык кесиптештери менен бирге Ысык-Кѳлдүн ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүнѳ рекогноцировкалык мониторинг жүргүзүүштү.
Иш сапардан кийин, 19-сентябрь күнү, Норвегиянын ботаникалык багынын ага инженери Линн Гьеллесвик Андресен; профессор, илимдин доктору Финн Эрвик Норвегиянын ботаникалык багынын илимий кызматкери Kэйстейн Лофтхус география, экология жана туризм факультетинин студенттери менен жолугушуп, студенттерге Норвегиянын өсүмдүктөрүнүн экологиялык өзгөчөлүктөрүн слайддар аркылуу көрсөтүп, кызыктуу маалыматтар менен пикир алмашышты. Норвегиянын географиялык шарттарына жараша ѳсүмдүктѳдүн абиотикалык абалга ылайыкташуусу боюнча кѳрсѳмтѳ куралдарды пайдалануу менен изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыктарын чагылдырган мазмундуу лекция ѳттү.
Окумуштуулардын пикири боюнча Кыргызстандагы бийик тоо алкагындагы аркто-альпылык дизъюнкция мыйзам ченемдүүлүгү боюнча орун алган өсүмдүктөрдүн Норвегиядагы айрым ѳсүмдүктѳргѳ окшоштук жактары тууралуу маалымат беришти.
Норвегиялык окумуштуулар Ысык-Кѳл аймагынын ѳсүмдүктѳрүнѳ мониторинг жүргүзүүдѳ доцент А.Ж.Кендирбаеванын жогорку деңгээлдеги адис экендигин белгилеп, иш сапарга жиберген ректоратка жана факультеттин жетекчилигине чоң ыраазачылыктарын билдиришти. Илимий маалыматтарды келген окумуштуулар англис тилинде айтып беришти. Келген окумуштуулардын англис тилинде айткан билдирүүлөрүн кыргызча эркин түрдө физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу Дарылкан кызы Койсун которуп берди.
Бул жолугушууда адистик менен бирге чет тилдерин дагы жакшы денгээлде өздөштүрүү 21-кылымдагы кесип ээлери үчүн маанилүү экендигин белгилөөгө болот. География, экология жана туризм факультетинин картография лабораториясынын башчысы Нурзат Насир кызы.
(С) Нурзат Насир кызы – картография лабораториясынын башчысы