Карьера жана практика борборунун адистери Шерматова Ж.Т. менен Эмил у. Тенир 2024-жылдын 13-декабрында «Европа» мейманканасында болуп өткөн «Кыргызстанда квалификациялуу кадрларга карата суроо-талаптар жана сунуштар жаатындагы талдоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча консультативдик кеңешмеге» катышты.

Иш чаранын максаты – өлкөдө квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты, о.э. бул жааттагы көйгөйдү чечүүнү талап кылган маселелерди талкуулоо жана кабыл алынган алдын ала жыйынтыктарды кеңири коомчулукка жеткирүү болду.

Кеңешмеге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин, мамлекеттик башкаруу органдарынын, бизнес жана ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү жана «DARYA» европалык окутуу фонду, жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышышты.

Алгачкы куттуктоо сөздү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министри Сабиров Равшанбек Азатович сүйлөп, конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Билим берүү жана илим министринин орун басары Авазбек уулу Расул өз сөзүндө дайыма өзгөртүп турган заманбап эмгек рыногун өнүктүрүүдө көндүмдөргө жана муктаждыктарга карата болгон суроо-талаптарга мониторинг жүргүзүүнүн өтө маанилүүлүгүн, прогноздоо, болжолдоо  окутуу тармагындагыларга жана иш берүүчүлөргө келечектеги жумушчу күчкө карата болгон муктаждыктарды алдын ала билүүгө мүмкүндүк берип, ошондой эле окутуу программаларына оз убагында ондоолорду киргизүүнү камсыз кылааарын айтып кетти.

Технологиялык жетишкендиктер, демографиялык өзгөрүүлөр жана экономикалык өнүгүүлөр  жумушчу күчкө болгон муктаждыкты жогорулатып жатат.  Туруктуу негизде өсүш үчүн билим берүүнүн натыйжаларын эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү зор мааниге ээ. Ал туруктуу жана динамикалуу экономиканы куруунун ачкычы болуп саналат. Конференцияда жүргүзүлгөн талкуулар жана талдоолор жумушчу күчүн орто мөөнөттүү пландаштыруу үчүн маанилүү маалыматтарды берип, кызыкдар тараптарга билим берүү жана окуу программаларын эмгек рыногунун өзгөрүп жаткан муктаждыктарына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк түзөт.   

Жыйындын жүрүшүндө карьера жана практика борборунун башкы адиси Шерматова Жыпаргул азыркы учурда мектептерде жетишпей жаткан мугалимдер   боюнча суроо берип, бюджеттик орундарды көбөйтүүнү сунуш кылды.

(С) Эмил уулу Тенир – КжПБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий