Мамлекеттик  жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодогу “Катыш! Танда! Шайла!” компаниясында ыктыярчылык кылып, бүгүн 13-декабрь КР БШК төрайымы Н.К. Шайлдабекова Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Т. Тагаев катышкан иш чарада ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров улуттук университеттин студенттеринин активдүүлүк потенциалы жылдан жылга жогорулап жаткандыгын баса белгилеп, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

(С) Суймонова Ж.М.- тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий