Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1-курс студенттери доцент, Кыргыз Республикасынын эл баатыры Алиясбек Алымкуловдун демилгеси менен Улуттук тарых музейине экскурсияга барышты.
Иш чаранын негизги максаты — студенттердин теориялык алган билимдерин практика жүзүндө бекемдөө жана тарыхый эстеликтер менен жакындан таанышуу. Музейдин экспонаттары менен таанышуу аркылуу студенттер тарыхый окуяларды тереңирээк түшүнүүгө, Кыргызстандын тарыхый мурастарын баалоого жана аларды келечек муунга сактоо зарылчылыгын аңдоого мүмкүнчүлүк алышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер музейдин негизги экспозицияларын көрүп, Кыргызстандын байыркы доорунан тартып заманбап тарыхына чейинки маанилүү окуялар жана мурастар тууралуу кызыктуу маалыматтарды угушту.
Алиясбек Алымкулов экскурсиянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай иш чаралар студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, тарыхый аң-сезимин өрчүтөрүн билдирди.
(С) Алмазбек уулу Б. – музей изилдөө борборунун улук адиси



