Кыргыз филологиясы факультетинин «Филология (кыргыз)» багытынын 1-курсунун КТАк-1-24 группасынын студенттери менен группанын куратору, доцент Аскар кызы Жылдыз адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун үй-музейине барып келишти.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атындагы үй-музей 2014-жылдан бери иштеп келе жатат. Музей жазуучунун жубайы Мария Айтматованын демилгеси менен ачылган. Ал шаардын четирээк жагындагы “Ала-Арча” резиденциясында жайгашкан.
Биринчи кабатындагы кире бериш музейге келген меймандарды кабыл ала турчу жайга айланган. Андан кийин узун зал менен басып оң жакка киргенде жазуучу тамактанган бөлмөнү көрүүгө болот. Ал жерде стол, отургучтар, идиш-аяктар, экспонаттар жана башка буюмдар коюлган. Анын маңдайындагы бөлмө – көргөзмө зал. Анын дубалында Айтматовдун сүрөттөрү илинип, айнек кутуда орден, медаль, сыйлыктары тизилген. Эки кабатту үй музей 7-8 бөлмөдөн турат. Жазуучунун уктаган бөлмөсүндө азыркы учурда дагы адамдар жашап жүргөндөй керектүү оокаттар жайгашканын көрүүгө болот. Чыңгыз Айтматовдун китепканасы жана иш бөлмөсү дагы жазуунун көзү тирүүсүндө кандай болсо, ошол боюнча коюлган.
Бул үйдө залкар жазуучу 1986-жылдан баштап, өмүрүнүн акыркы 20 жыл чамасында жашаган. Музейге киргенден баштап эле Айтматовдун чыгармачылыгы эске түшөт. Биринчи эле киргендеги жазуучунун ажайып кооз жасалгаланган картиналары, эмгектери көңүлдү бурат. Музейге коюлган буюмдардын көбү Ч.Айтматов өзү колдонуп жүргөн буюмдар экендигин музейдин кызматкери Дастан, факт-мисалдар менен айтып берди. Айтматовдун кол жазмалары, печаттык машинкасы, атактуу адамдар менен түшкөн ар кандай сүрөттөрү, алган сыйлыктары, дүйнө жүзүнө белгилүү сүрөтчүлөр тарабынан тартылган чыгармалары боюнча картиналар, ошондой эле бүт өмүрүн чагылдырган сүрөттөр жана жазуунун кол жазмалары келечектеги филологдор үчүн кызыктуу болду. Мындан тышкары жазуучунун кийген кийимдери, чет тилинде жарык көргөн чыгармалары, дүйнөгө белгилүү адамдардан алган белектери, жана алган сыйлыктары дагы коюлган.
Студенттердин залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен жакындан таанышкандыгы таасирдүү болду.
(С) Аскар кызы Жылдыз – проф. К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент





