2024-жылдын 5-декабрь күнү Түркия Республикасынын Президенттик Администрациясынын Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын адистеринен турган топ Улуттук университетке келип, карьера жана практика борборунун адистери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жыйында Улуттук университеттин студенттери үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр талкууланып, өз ара кызматташуунун артыкчылыктары белгиленди.
Андан кийин экономиканын жогорку мектебинин, бизнес жана менеджмент институтунун, кыргыз- европа факультетинин, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери менен “Туркияга жумушка орношуу” темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Иш чараны карьера жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев ачып, Кыргызстандын көптөгөн жаштары ар түрдүү программалар аркылуу Түркияга барып окуп, иштеп жаткандыгын, студенттер менен бүтүрүүчүлөргө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын жана иш чарада сапаттуу кадрлар тандалып алынаарына ишенээрин билдирди. Келген коноктор Түркияда жумушка орношуунун бир нече маанилүү артыкчылыктарын айтып беришти:
- жумуш рыногунда мүмкүнчүлүктөрдүн кеңдиги: Түркия дүйнөдөгү ири экономика жана маанилүү өнөр жай борборлорунун бири болуп саналат. Муну менен катар, өлкөдө ар кандай тармактарда, анын ичинде өндүрүш, тейлөө, маалымат технологиялары, туризм жана агрардык сектордо жумуш орундары көп.
- Жумушчу күчүнүн сапаты: Түркияда билим берүү жана кесиптик даярдыкка чоң көңүл бурулат, бул өлкөдө иштеп жаткан адамдардын кесипкөйлүгү жана билими жогору. Мындан тышкары, ишкерлер түрктөрдүн креативдүүлүгүн жана ийкемдүүлүгүн баалашат.
- Жумуш ордуна кирүү үчүн жеңил визалык тартип: Көптөгөн өлкөлөр менен салыштырганда Түркияда жумушка орношуу үчүн визалык жана расмий процедуралар салыштырмалуу жеңил. Европа жана башка аймактардан келген иш издеп жаткандар үчүн бул ыңгайлуу шарт
- Тамак-аш жана жашоо шарттарынын жетиштүүлүгү: Түркияда жашоо шарты бир аз арзан болушу мүмкүн, ал эми тамак-аш, жатаканалар жана күнүмдүк керектөөлөрдүн баасы дүйнөдө башка көптөгөн өлкөлөр менен салыштырганда жакшыраак болушу мүмкүн.
- Чексиз тармактык мүмкүнчүлүктөр: Түркия өнөр жайы, каржы, технология жана башка тармактар боюнча чоң потенциалга ээ, бул жумуш ордун тапкан адамдарга үзгүлтүксүз өнүгүү жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.
- Түркиянын маданий жана географиялык артыкчылыктары: Түркия Батыш менен Чыгыштын ортосунда жайгашкан, бул жерде ар кандай элдердин жана маданияттардын айкалышы болгондуктан, көп түрдүү жумуш чөйрөлөрү жана жаңы перспективалар сунушталат.
- Эмиграциянын колдоосу: Түркиядагы иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчуларды кабыл алууга жана колдоого даяр. Алар үчүн расмий шарттар жана жеңилдиктер каралган.
Бул факторлор Түркияда жумушка орношуу процессин ыңгайлуу жана кызыктуу кылат.
(С) Эмил уулу Тенир – КжПБнын жетектөөчү адиси




