География, экология жана туризм факультетинин туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын доценти Н.К.Тенирбердиев, ага окутуучусу М.Р.Байсеитова, окутуучусу Б.К.Кадыралиева И.Арабаев атындагы КМУнун 80-жылдык юбилейинин алкагында уюштурулган “Климаттын өзгөрүшү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселерин окуу процессине интеграциялоо” аталышындагы эл аралык илимий семинарга катышып келишти.

Семинарда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо башкармалыгынын башкы адиси, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын жетектөөчү комитетинин төрагасынын орун басары, ТӨБ, ТӨМ боюнча эксперт, КЕМП Ала-Тоо Экологиялык билим берүү жана жапайы жаратылышты коргоо программасынын менеджери жана адистери маалымат беришти.

Семинарга Кыргызстандын жана коӊшу өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Семинар онлайн жана офлайн фарматта өтүп, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү тууралуу маселелер козголду. Аягында суроо-жооп менен жыйынтыкталып, семинарга активдүү катышкандарга сертификаттар тапшырылды.

(С) Байсеитова М. – туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий