2024-жылдын 9-декабрында 73-Спартакиаданын алкагында дене тарбия жана спорт кафедрасы тарабынан уюштурулган шахмат боюнча таймаш жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Студенттерди куттуктоо сөзү менен кафедра башчысы Абдыкеримов Ш.А. тосуп алып, шахмат оюндарын уюштуруучу жана башкы калыс Т.Базакечев, Б.Көбөшов жана КТжЖИИ директорунун тарбия иштери боюнча орун басары С.Кыдырмаева студенттерге дипломдорду тапшырышты.

Биринчи орунду компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери, экинчи орунду математика жана информатика институтунун студенттери ээледи, ал эми үчүнчү орунга экономиканын жогорку мектеби татыктуу болду.

(С) Кыдырмаева С.С. – КТжЖИИ директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий