2024-жылдын 6-декабрында Талас мамлекеттик университетинде “Манас” эпосунун күнү жана “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата, “Манас” үчилтиги, Айтматов ааламы дүйнөлүк адабияттын алтын казыгы, мамлекеттик тил эл казынасы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференцияны ачылышында сөз Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э.Сейдикеримовага берилип, өз сөзүндө “Манас “ эпосунун мааниси тууралуу кеп куруп, алыстан ат арытып келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарага белгилүү манасчы, “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, филология илимдеринин доктору, профессор Таланталы Бакчиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Орозалиева Жүрсүн Муханбетовна, филология илимдеринин кандидаты, доцент Осмонова Наргүл Ыманалиевналар катышты. Жүрсүн Орозалиеванын “Манас” эпосундагы адам аттарынын герменевтикалык маанилери” аттуу баяндамасында Манас” эпосундагы адам аттарынын символдук-көркөм шарттуулук, функционалдык маанисин чечмелеп берди.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Осмонова Наргүл Ыманалиевна “Манас” эпосундагы фразеологизмдердин семантика-стилистикалык кызматы аттуу илимий баяндама жасап, эпостогу көркөм сөз каражаттарынын кудурет-күчүн, көтөргөн жүгүн факты-материалдар аркылуу ачып берди. Баяндамалардын соңунда студенттер менен жандуу маек-талкуу жүргүзүлүп, суроо-жооптор болду.

Жыйынтыгында, резолюция кабыл алынып, борбордон келген конокторго Ыраачылык каттар жана сертификаттар тапшырылды.

(С) Н.Осмонова – доцент

Добавить комментарий