Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 28-октябрындагы №42/4 буйругу менен “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.
Сыйлыкты Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев тапшырды.
(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары



