Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту тарабынан аялдарга жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу, укутарды жана эркиндиктерди коргоо боюнча маанилүү лекция өткөрүлдү. Ага СРо-11-23, СРо-9-23, СРо-9-24, Псх-9-24 тайпалары катышты.

Иш-чара Конвенциянын “Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу” боюнча 45 жылдыгына арналды. Студенттер активдүү катышып, темага байланыштуу суроолорун берип өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Лекциянын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук жана анын алдын алуу боюнча актуалдуу маалыматтар берилди, бул темага көңүл буруу зарылдыгы баса белгиленди.

Кесиптик колледждин директорунун өндүрүштүк практика жана методикалык иштер боюнча орун басары Р.А. Отонбаева колледждин администрациясынын атынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы  Институтунун башкы адиси К.Н.Тажибаевге ыраачылык катын тапшырды.    

Иш-чараны кесиптик колледждин окутуучулары Н.Б.Токоева, Рустанбек кызы Нуразем жана Бакытбек кызы Аида уюштурушту.

Катышкан жана кызыгуусун билдирген бардык студенттерге ыраазычылык билдиребиз!  

(С) Н.Б.Токоева – кесиптик колледждин окутуучусу 

Добавить комментарий