2024-жылдын 5-декабрында Котормо жана котормо таануу адистигинин окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулган «Talking Club – Fırst Quarter» баарлашуу ийриминин бет ачары болду. «Talking Club – Fırst Quarter» ийриминин максаты – катышуучуларды англис тилинде сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртууга шыктандыруу, алардын англис тилинде сүйлөөгө ишенимин жогорулатуу жана эл аралык деңгээлде баарлашуу жөндөмдөрүн өрчүтүү. Бул «Talking Club – Fırst Quarter»» клубу англис тилинде эркин сүйлөө жөндөмүн калыптандырууну каалаган студенттер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп бере алат.
«Talking Club – Fırst Quarter» клубунун жүрүшүндө: кызыктуу темаларда пикир алмашуу, оюндар, көнүгүүлөр, которуу ишмердүүлүгү боюнча чакан таймаштар болду. Ал эми активдүү катышкан студенттерге жана таймашта уткан жеңүүчүлөргө приздер тапшырылып, ийримдин ачылышы боюнча студенттер өздөрүнүн тилектерин айтышты жана кийинки боло турган клубдун жүрүшү боюнча пландар түзүлдү.
«Talking Club – Fırst Quarter» баарлашуу ийрими ай сайын бир жолу уюштурулат.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы