2024-жылдын 5-6-декабрында Азербайжан республикасынын борбору Баку шаарында түрк дүйнөсүнүн окумуштуулары үчүн Хазар университети тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши” аттуу Эл аралык илимий симпозиумга КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Фаризат Курамаева менен Бурул Элебесова катышууда. Иш-чара Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия, Кипр Түрк Республикасы, Иран окумуштууларынын катышуусунда өтүп жатат. Аталган симпозиум 6 отурумда иш жүргүзүүдө.

Расмий ачылыш куттуктоо сөздөрүндө Хазар университетинин ректору Хамлет Исаханов, Азербайжан республикасынын жогорку кеңешинин вице спикери Рафаэль Хусейнов, Диаспора боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын орунбасары Жавит Исмаил жана Азербайжан, Түркия жазуучулар союзунун мүчөсү түрк маданияттары илимий изилдөө институтунун мүчөсү Явуз Акпынар расмий бөлүктө куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Расмий ачылыш университеттин камералык оркестринин аткаруусундагы музыкалык номер менен коштолду.

Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева 1-отурумунда Кыргыз жана Азербайжан тилдеринин тарыхый лингвистикалык байланыштары: лексикалык грамматикалык жана маданий параллелдер жана Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, доцент Бурул Элебесова 3-отурумунда “Алыкул Осмонов жана Бактияр Вахабзаденин ырларында мифологиялык элементтер жана мотивдер” аталышында баяндамаларды жасашты.

Конференциянын экинчи күнүндө китеп презентациясы жана онлайн форматтагы онлайн катышуучулардын баяндамалары угулду.Ошондой эле түрк дүйнөсүнөн келген илимпоздор үчүн Азербайжан адабиятынын улуу коомдук ишмери туранизм идеясынын жактоочусу, Азербайжан драматургиясынын чолпон жылдызы Жафер Жаббарлынын 125 жылдыгына карата уюштурулган илимий баяндамалар жана көркөм өнөрдүн түрлөрү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Симпозиумдун жүрүшүндө Фаризат Курамаева Азербайжан республикасынын диаспоралар менен иш алып баруу боюнча мамлекеттик комитетинин ТВсына Кыргызстандагы Азербайжандыктар, Азербайжан тили жана адабияты боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана учурдагы Түрк дүйнөсүндөгү орток алфавит, билим берүү программалары боюнча интервью берди.

Андан соң симпозиумдун расмий жабылышы болуп резолюциясы кабыл алынып симпозиумдун кийинки уюштуруучулары катары Кыргызстан, өзбекстан сунушталып, ректор жана уюштуруучу тобу тарабынан Түрк дүйнөсүнөн келип катышып өз сунуштарын ортого салган түрколог илимпоздорго терең ыраазычылык билдирилди. Резолюция кабыл алынгандан кийин Хазар университетинин алдындагы Дүйнө мектебине конокторду алып барып комплекс боюнча маалымат берилип, музей, аудитория, лаборатория, залдар тааныштырылды.

Симпозиумдун программасына ылайык 7-декабрда Баку шаары боюнча экскурсия мерчемделген.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий