2024-жылдын 28-29-ноябрында кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, ф. и. д., профессор А.У.Акынбекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын кызматкерлерине, депутаттардын консультанттарына, жардамчыларына кыргыз тилинин тарыхы, туура жазуунун эрежелери, тыныш белгилерди туура колдонуунун эрежелери боюнча семинар өттү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери, депутаттардын консультанттары, жардамчылары үчүн “Улут жүзү – улуу тил: кыргыз тилинде сүйлөө, жазуу эрежелери” деген темадагы окутуу-семинары болуп өттү. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын жетекчиси Алымбеков Алайбек Анаркулович сөз сүйлөп, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши – коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө башталган зор кадам экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана жалпы эле депутаттардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын тазалыгын сактоо, иш кагаздарын сабаттуу жазуу максатында аппараттын кызматкерлерине, депутаттардын консультанттарына, жардамчыларына тилдин тарыхы, туура жазуунун эрежелери, тыныш белгилерди туура колдонуунун эрежелери боюнча окутуу-семинар өтүп берүүнү колдошорун билдиришти.

Семинардын башкы максаты: Мамлекеттик тилде кенен сүйлөө, жазууга үйрөнүү. Кыргыз тилин үйрөнүүнү стимулдаштыруу жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Окутуу-семинардын биринчи саатында кыргыз тилинин тарыхы, анын калыптануу доорлору, кыргыз эли колдонгон жазуулар тууралуу баяндама жасалып, кийинки сабактарда кыргыз орфографиясынын негизинде туура жазуу, тыныш белгилерди туура колдонуу эрежелери боюнча түшүндүрмөлөр туюндурулду.

Семинардын жыйынтыгы суроо-жооптор менен коштолуп, тесттик тапшырмалар берилди.

Иштин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

(С) А.У.Акынбекова – кафедра башчысы, ф.и.д., профессор

Добавить комментарий