2024-жылдын 22-ноябрь күнү журналистика жана коммуникация институту жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы студенттер арасында тазалык тууралуу видеороликтер сынагынын жыйынтыктарын чыгарды. Конкурстун башкы максаты: шаардын тазалыгы, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана шаарыбызды көрктөндүрүү.
Аталган видеороликтердин сынагына журналистика жана коммуникация институтунун студенттеринен жалпы 12 видеоролик келип түшкөн. Жыйынтыгында ЖКИнин ЖК-2-23 тайпасы 3-орунду ээлеп, 5000 сом менен сыйланды. Ал эми 2-орун ТПиВ-1-21 группасынын студенти Шарабидинов Курсантка берилип, сыйлык 10000 сомду түздү. 1-орунду профессор М.Мамбетакуновдун жетекчилиги менен тартылган ТВ-1-24 тайпасынын видеоролиги жеңип чыкты, алар 15 000 сом өлчөмүндө башкы сыйлыкка ээ болушту. Аны менен бирге, окутуучу А.Шайзаковдун жетекчилиги астында тартылган 1-курстун МЖ-1-24 тайпасынын видеоролиги көрүүчүлөрдүн жактыруусуна татыктуу болду.
(С) Р.Шаршембиева – ЖКИ директорунун тарбия иштер боюнча орун басары

