Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасы тарабынан 2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 35 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан үч айлык декадага байланыштуу «Социалдык тармактарда мамлекеттик тилди колдонуунун абалы» деген темада дискуссия түрүндөгү тегерек стол уюштурулду.
Аталган иш-чарада социалдык тармактар: фейсбук, инстограмм, ватсап сыяктуу веб сайттарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилди колдонуу кандай деңгээлде жүрүп жаткандыгы тууралуу маселелер кеңири талкууга алынды. Талкууга И. Арабаев атындагы КМУдан, КУУнун Журналистика факультетинен чакырылган профессор-окутуучулар жана кыргыз филологиясы факультетинин профессор-окутуучулары активдүү катышышты. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда мамлекеттик тилди колдонуудагы көйгөйлүү маселелер жөнүндө даярдалган слайддардын негизинде маанилүү баяндамаларды жасашты.
Иш-чарада фейсбук, инстограмм, ватсап ж.б. веб сайттарда оозеки сүйлөшүүдө диалектилик, жаргон сөздөрдүн, башка тилдеги сөздөрдүн көп колдонулушу, сөздөрдү кыскартып колдонуулар, ал эми жазуу түрүндөгү маалыматтарда стилдик, орфографиялык, пунктуациялык каталардын жык-жыйма болушу, аларды анализге алуу жөнүндө даярдалган видео-роликтер журналистика факультетинин жана кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан далилдүү көрсөтүлдү.
Баяндама, видео-роликтерден кийин мамлекеттик тилге байланыштуу көркөм окуулар жана салтанаттуу түрдөгү жекече ырлар факультеттин 1-курстарынын студенттери тарабынан аткарылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында социалдык тармактарда мамлекеттик тилди колдонуунун абалын жакшыртуу максатында жаш окумуштууларга жана студенттерге соц тармактар менен иштөөдө атайын программа, план, проспектилерди ж.б. түзүү жана иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле, иш-чарага активдүү катышкан профессор-окутуучуларга жана студенттерге, иш-чараны уюштурган кыргыз тил илими кафедрасынын профессор-окутуучулар жамаатына факультеттин деканы Б. А. Жайлообаев тарабынан ыраазычылык айтылып, расмий түрдө ыраазычылык каттар тапшырылды.
(С) А.Солтоноев – факультеттин окутуучусу




