2024-жылдын 4-декабрында “Манас” эпосунун күнүнө карата кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорлатуу институтунун гимназиясында “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген темада майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында “Манас” жана “Каныкей” командаларынын сынагы (саламдашуу, “Манас” айтуу, “Манас” эпосунан сценка көрсөтүү, кыргыз бийин аткаруу)болуп өттү. 10-11-класстардын окуучулары “Манас” эпосу кыргыз элинин дүйнөгө атагы чыккан улуу көркөм рухий мурасыбыз экенин айгенеледи. “Манас” эпосу казынасынан дайыма азыктанып туруу, анын ордолуу ойлорун боюбузга, жан-дүйнөбүзгө терең синирип, Ата-журтубуздун патриоту болууга, улуу мурасыбызды ар тараптан өнүктүрүү башкы милдет экенин дагы бир жолу жон терилери менен сезишти.
«Манас» үчилтиги — Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу экенин дайыма эстеп жүрүшүбүз керек.
(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси








