2024-жылдын 5-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү котормочу жана художник Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына карата кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган “Аймаран акындын ааламы” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жыйындын модераторлук милдетин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору Садык Алахан аткарды.
Эл акыны Рамис Рыскуловдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу видеотасма көрсөтүлгөн соң, сөз кезеги мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге берилип, ал ректордун атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Проректор сөзүнүн башында өткөн кылымдын 60-80-жылдары Кыргызстандын илим, билим, маданият, өнөр жай тармактары үчүн алтын доор болгондугун белгилеп, кино, театр, музыкада жылдызы жанган залкар инсандарды эскерди. Ошол доордун дагы бир жылдызы Рамис Рыскулов тууралуу “Анын ырлары салттуу кыргыз ырларына окшошпойт, ойлордун эркиндиги, кыймылдуулугу, дүйнөнү башкача кабылдоосу жагынан айырмаланып турат. Ал татаал форма аркылуу жөнөкөй, жөнөкөй форма аркылуу татаал ырларды жараткан. Поэтикалык образдары жаңычыл, ар кимдин оюна келе бербеген логикага ээ. Рамис Рыскуловдун чыгармачылыгы чеберчиликтин жаркын үлгүсү гана болбостон, өз заманына, элине аруу кызмат кылуунун да айкын үлгүсү. Акындын поэтикалык искусствонун күчү — анын өзгөрүү, шыктандыруу жана бириктирүү жөндөмдүулүгүндө” деди жана республикалык конференцияны ачык деп жарыялады.
Рамис Рыскулов тууралуу эскерүүлөрү менен ТҮРКСОЙдуи башкы катчысы, КР эл жазуучусу С.А.Раев (видео аркылуу), Кыргыз улуттук жазуучулар кошунунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров бөлүшкөн соң, төмөндөгү баяндамалар окулду:
- Курманбек Абакиров – ф.и.д., проф.: “Кыргыз поэзиясындагы модернизм жана адабий сын”
- Аскар Медетов – ф.и.к, белгилүү адабиятчы: “Р.Рыскуловдун метафоралуу поэзиясы”
- А.Турдугулов – ф.и.д., проф., «Эркин ыр формасы Р.Рыскуловдун поэзиясында»
- Өмүрбек Тиллебаев – акын, Ж.Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты: “Ырдын пири Раке”
- Г.Т.Жамгырчиева – ф.и.д., ОшМУнун проф.: «Р.Рыскуловдун поэзиясында гедонизмдин
- берилиши» (видео баяндама).
- Садык Алахан – ф.и.д., проф.: “Кыргыз поэзиясындагы Рамис Рыскуловдун доору”
“Жаш толкундар” адабий ийриминин катышуучулары Рамис Рыскуловдун ырларын көркөм окуп беришкенден кийин, эл акынынын жубайы Шааргүл Рыскулова сөз сүйлөп, республикалык илимий-тажрыйбалык конференциянын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана баяндама жасагандарга терең ыраазычылыгын билдирди.