2024-жылдын 5-декабрь күнү физика жана электроника факультети башкы имараттагы кичи жыйындар залында 1-курстарды тосуп алуу салтанатын өткөрдү.

Алгачкы сөз факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары п.и.к., доцент Исмаилова Гүлзат Дерденбаевнага берилди. Студенттин милдеттерине, укуктарына жана студенттик мезгилдин саамалыктарына кеңири токтолуп, келечекте элдин кызматын аткарган улан-кыздардан болушуна тилектерин айтты. Адаттагыдай салт боюнча студенттерге 1-курстардын зачёттук китепчелери менен студенттик билеттери салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Аземде биринчи курстардын даярдалган программалары (ыр, бий, квн, логикалык суроолор менен конкурстар, күлкү жана театрлаштырылган сценкалары) катышуучуларга тартууланды. Биринчи курстун ичинен активдүү, таланттуулардын көптүгү көңүлдү көтөрдү. Келечекте окуу жагынан да активдүү болот деп ишенебиз.

Факультеттин окутуучулары: декандын тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент А.С.Дөөлөталиева, ага окут. И. Мырзагулова, ага окут. А.Ганыева, факультеттин менеджери И.Шумкарбековалар ж.б. 1-курстун студентерине куттуктоо сөздөрүн, каалоолорун, тилектерин билдиришти.

Салтанаттын аягын “Кетпе” аттуу ырды хор ырдашып аякташты. Муну биз окуу жайын кетпестен бүтүп кетели деген максат менен аткарышты деп болжолдоп,  баргандар батабызды берип кайттык.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий