Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун геоботаника лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Адилет Усупбаев 2024-жылдын 4-декабрында Илим күнүнө карата биология факультетинин студенттерине жана профессордук-окутуучулар курамына “Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү» деген темада конок лекция окуду.
Факультет деканы Шафика Сулейманова лекторду тааныштырган соӊ, Адилет Кыдыкбекович Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү тууралуу мазмундуу жана кызыктуу лекциясын окуду. Ал айрыкча, өлкө экосистемасында чоң мааниге ээ болгон сейрек жана эндемикалык өсүмдүктөргө, аларды коргоо көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурду. Лекцияда илимий фактылар жана иллюстрациялар коштолуп, катышуучулар Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн уникалдуулугун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Профессордук-окутуучулар курам жана студенттер заманбап ботаникалык изилдөөлөр менен таанышып, лекторго суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Лекция аудиториянын жандуу кызыгуусун жаратып, андан кийин студенттерди кызыктырган сууроолор берилип, факультеттин илимий-иштери боюнча декандын орун басары ага окутуучу К.Т.Солпиеванын лекторго ыразычылык билдирүүсү менен жыйынтыкталды.
Конок лекция – университеттин илимий потенциалын колдоо, илимге болгон кызыгууну арттыруу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.
Биология илимдеринин доктору Адилет Усупбаевге илим жана билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
(С) К.Т.Солпиева – илимий иштер боюнча декандын орун басары