2024-жылдын 27-ноябрында «Орнитология – биотүрдүүлүктү сактоо боюнча Кыргыз ассоциациясы» коомдук уюмунун директору Жереми Берлю мырза биология факультетинин студенттерине канаттууларга байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн E-bird жана Merlin тиркемелерин колдонуу боюнча конок лекция окуду. Иш чара Илим жумалыгынын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин демилгеси менен уюштурулду.

Ал АКШнын Корнелл университетинин орнитология лабораториясында иштелип чыккан тиркемени колдонуу жана анын жардамы менен Кыргызстандагы канаттууларга мониторинг кандайча жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Лекциянын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Жереми Берлю мырзанын сөздөрүн «Канаттуулар клубу» (Bird Club) долбоорунун менеджери Алтынай Абдрахманова которуп берип турду.

(С) Карипова Н.Т. – жалпы биология, экология жана лабораториялык иш кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий