2024-жылдын 3-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 4-декабрда белгиленүүчү “Манас” эпосунун күнүнө арналган “«Манас» эпосунун улуттук жана адамзаттык мааниси” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Ашым Жакыпбекодун сөзүнө жазылган “Манас” гимни аткарылган соң, жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, сөз кезегин ректор Догдурбек Чонтоевге берди.

Ректор “Манас” эпосу Орто Азия эле эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү фольклордук чыгармалардын бири экенин, 2013-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргенин, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык ар жылы 4-декабрда “Манас” эпосунун күнү белгиленип келе жатканын айтып, “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу илимпоздордун, изилдөөчүлөрдүн эле эмес, ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгиледи жана илимий-тажрыйбалык конференциянын катыфшуучуларына ийгиликтерди каалады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон “Манас” эпосу – дүйнөдөгү ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма болгондугу үчүн Гиннестин “Рекорддор” китебине киргенин айтып, биздин милдетибиз – ата- бабаларыбыздан бери келе жаткан “ Манас” эпосун жаштарга окутуу, улууларга тааныту, келечегибизге тарыхый мурас катары калтыруу, инновациялык технологиялардын жардамы менен жаңыча нукта изилдөө жана чет өлкөлүк жаштарга жеткирүү экенине токтолду жана “Ар жылы Улуттук университетте Манас күнү белгиленип турсун! Ишиңиздерге ийгилик!”, – деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков менен “Манас” улуттук академиясынын  президенти Азиз Биймырза уулу куттуктоо сөздөрүн айтышкан соң, илимий конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Акматалиев Абдылдажан – Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, УИАнын академиги: ”Манас” эпосунда азаттыктын чагылдырылышы”
  • Тиллебаев Садык Алаханович – филология илимдеринин доктору, профессор: “Жайсаңдын “Манасындагы” орой бурмалоолор”
  • Турдугулов Али Турдугулович – филология илимдеринин доктору, профессор: “Манас” эпосу жана дүйнө элдеринин эпостору”
  • Сагидаева Салтанат Ариповна – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин манас таануу жана дүйнөлүк адабияты  кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты: “Идеологиянын башаты “Манас” эпосунда”
  • Орозалиева Жүрсүн Муханбетовна – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты: “Манас” эпосу жана репрессия”
  • Карыбек кызы Гүлпери – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин 4-курс студенти: “Каныкейдин улуу махабаты, адеби жана патриоттуулугу”.

Добавить комментарий