2024-жылдын 2-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө “Түрк тили борборунун” ачылыш аземи болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө кызыл тасма кесилип, расмий куттуктоолор айтылып, маданий программа көрсөтүлүп, жаңы ачылган борбордогу кабинеттер менен таанышуу болду.
Ачылыш аземине КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, TİKAнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, ТТEÖMERдин мүдүрү Ильяс Сүт, Кыргыз-Орус Славян университетинин түркология борборунун мүдүрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология, синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары, Кыргызстандагы азербайжандардын диаспорасынын башчысы, КУУнун проректорлору, факультет декандары, институт директорлору жана окутуучулар курамы менен студенттери катышты.
КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүндө бир кылымдык тарыхы бар Улуттук университетте эки элдин ортосундагы боордоштук, достук, кызматташтыктын күзгүсү боло турган Түрк тили борборунун ачылышы окуу жай үчүн чоң жетишкендик экендигин белгилеп, Орто Азиядагы белгилүү түрколог-окумуштуулар Константин Юдахин, Игорь Батманов, Болот Юнусалиев, Калкабай Сартбаев, Тазабек Саманчин, Карбоз Дыйканов жана Бүбүйна Орузбаевалар ушул факультетте эмгектенип, Орто Азияда түркологиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салым кошкондугун айтып өттү.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир ачылып жаткан борбор окуу, илимий, маданий жактан жигердүү иш алып бара турган чоң мекемеге айлана тургандыгына жана эки боордош элдин гана эмес, бүткүл Түрк дүйнөсүн изилдеп үйрөнүүгө кызыктар жаштардын илимий-изилдөө очогуна айлананаарына ишенээрин белгиледи.
TİKAнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур борбор кыргыз жана түрк элдеринин тилин, адабиятын, маданиятын, тарыхын окуп үйрөнүүдө чоң салым кошуп, түркология багытында түрдүү иштердин жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Маданий программа төкмө акындын куттуктоосу менен башталып, “Гүлдөй бер” аттуу түркчө хор менен уланып, комуздун коштоосундагы терме жана бийлер менен коштолду.
Аземдин соңунда келген коноктор ректор менен биргеликте борбордун дарсканаларын кыдырып, таанышып чыгышты.