2024-жылдын 3-декабрь күнү ректор Доктурбек Чонтоев Түштүк Кореялык волонтер, IТ адис, PhD доктор, математика жана информатика институтунун профессору Чой Йонг Сан мырзаны кабыл алып, КУУнун студенттери менен окутуучуларына жасалма интеллект боюнча курс өтүп, жаңы технологияларды үйрөтүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, Улуттук университет аны менен сыймыктана тургандыгын билдирди жана мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чой Йонг Сан мырза математика жана информатика институтунун  материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында өзү спонсорлук кылып, 1 миң 400 АКШ долларына сатып алынган Epson жана LG маркасындагы 2 проекторду тапшырды. Эл аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштердин жыйынтыгынын негизинде институттун директору Изат Усенов ректордун ыраазычылык катын алды.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун, К.Тыныстанов атындагы ИМУнун окутуучуларына жана өз ара кызматташуу келишиминин негизинде Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун кызматкерлерине 2024-жылдын 28-сентябрынын 23-ноябрына чейин тереӊдетилген машиналык окуу боюнча курс уюуштурулган. Жыйынтыгында, курстун угуучулары ректордун колунан  сертификаттарды алышты.

(С) Изат Усенов – математика жана информатика институтунун директору

Добавить комментарий