2024-жылдын 29-ноябрында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин эл аралык долбоорлор кеңсесинин директору Ольга Егорова жана КМШ өлкөлөрүнүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы Жеңишкүл Хулхачиевалар менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуу жана алгылыктуу эл аралык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу маселелери талкууланды. Кол коюлган келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу, кыска жана узак мөөнөттүү практикаларды өткөрүү, о.э. илимий-чыгармачылык коллаборация түзүү маселелери да камтылды.
Жолугушууга эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк катышышты.




