Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы 2024–жылдын 22– ноябрында Жалал–Абад мамлекеттик университетинде Кара–Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер И.Айдарбековдун 140, ЖАМУнун түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана этнограф Эртабылды Сулаймановдун 75 жылдыгына арналган «Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий–практикалык конференцияга катышып келишти.
Жыйында ТжЧТИнин профессору, т.и.д., Жакыпбеков Ж.Ж., т.и.к, доцент Асанов Т.И., т.и.к., доцент Жолдошев Р.Ж., т.и.к., доцент Султаналиева Н.И., т.и.к. Мамытова А.Б., окутуучу Амирбек кызы Гулбарчын мамлекеттүүлүктүн актуалдуу маслелери боюнча илимий баяндамаларын жасашып, талкууларга катышышты. Кыргызстандагы белгилүү этнограф Эртабылды Жолдошович Сулаймановдун илимий эмгектерине токтолушуп, кыргыз этнографиясына кошкон зор салымы тууралуу кеңири ой-пикирлерди айтышты.
(С) Амирбек кызы Гулбарчын – Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын окутуучусу





