2024-жылдын 27-ноябрында философия илимдеринин кандидаты, оратордук чеберчилик жана инсандык өнүгүү боюнча белгилүү эксперт Талантбек Эгембердиев педагогикалык колледждин окутуучулары менен студенттерине “Оратордук чеберчилик жана инсандык өсүү” темасында кызыктуу жана мазмундуу конок лекция окуду.

Сабактын жүрүшүндө Талантбек Мураталиевич оратордук чеберчиликтин сырларын ачып, натыйжалуу сүйлөө, аудиториянын көңүлүн буруу жана өз оюн так жеткирүү боюнча практикалык кеңештер менен бөлүштү. Ал о.э. инсандык өсүү темасына да токтолуп, өзүн-өзү өнүктүрүү, эмоцияларды башкара билүү  жана өзүнө ишеним арттыруу жолдорун терең талдап берди.  Өзгөчөлүгү – теория менен практиканын айкалышы болду: катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, өз сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул алган көндүмдөр келечектеги мугалимдерге кесиптик ишмердүүлүгүндө жана окуучулар менен натыйжалуу баарлашууда чоң жардам берет. 

Мотивация берип, жаңы бийиктиктерге умтулууга түрткү болгон лекциясы үчүн колледждин жалпы жамааты Талантбек Мураталиевичке терең ыраазычылык билдирет

(С) Исмаилова Гүлзат – окутуучу

Добавить комментарий