2024-жылдын 25-26-ноябрында педагогикалык колледжде атайын сертификаты бар тренер-андрагогдор жана окуу жайдын окутуучулары студенттерди өнүктүрүүгө багытталган тренингдерди өтүштү. Атап айтканда,

  • Исмаилова Гульзат “Социалдык педагогика” адистигинин студенттери үчүн «Конфликттердин психологиясы»
  • Жылчиева Динара «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин студенттери үчүн «Келечектеги мугалимдерде жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү»
  • Мадиярова Кенжайым «Кыргыз тилин деңгээлдик системанын талаптарына ылайык улантып окутуу»

деген темаларда пайдалуу жана таасирлүү тренингдерди өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө жашоодогу жана кесиптеги конфликттик кырдаалдардын себептери менен көйгөйлөрү жөнүндө сөз болуп, студенттердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө гана эмес, алардын инсандык сапаттарын чыңдоого да зор түрткү болду. Иш-чара жандуу талкуулар менен коштолуп, келечек мугалимдер үчүн баалуу сабак болуп калды.

Ар топтогу инсандар аралык мамилелердин өнүгүүсү, окуу материалынын интенсивдүү өздөштүрүлүшү үчүн тренингдер дагы улантылат.

(С) Жапсарбаева Назира – окутуучу

Добавить комментарий