Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргыз жазуусунун тарыхы» аталышында конок лекция өттү.
Сабактын жүрүшүндө кыргыз элинин жазуу маданиятынын өнүгүү тарыхы, анын түрлөрү жана баскычтары, орхон-енисей жазуулары тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чара кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.
(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору



