2024-жылдын 25-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети менен “Жаш толкундар” адабий чыгармачылык ийрими тарабынан уюштурулган “Кайра кездешчү жолдор бар” аттуу белгилүү адабиятчы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, сынчы, парапсихолог Болотбек Акматовду эскерүү кечеси болуп өттү.

Жыйынды КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев ачып, Болотбек Акматов жалаң эле акын же жазуучу катары гана таанылбастан, окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор катары да эл арасына таанылганын, эгерде тирүү болгондо дагы бир канча мыкты илимий китептерди окурмандарына сунуштаарын айтып, студенттердин агайын эскерип, анын ырларын көркөм окууга жана чыгармасынан сценка аткарууга даярданып турганы бардык жагынан мактоого жана колдоого арзый турганын белгиледи. Сөзүнүн соңунда ректор Болотбек Акматовдун байбичеси Айгүл эжеге жана үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирип, – Адабий эскерүү кече ийгиликтүү өтүп, ар бир коноктун сезиминде кубаныч менен калсын деп тилек кыламын. Ар дайым жакшы кечелерде жолугалы! Бар болуңуздар!, – деди.

Болотбек Акматовдун басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы тууралуу о.э. мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинин деканы Каныбек Кенжешев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиев, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов, манасчы Рысбай Исаков, кыргыз адабияты кафедрасынын профессору Садык Алахан ж.б. эскеришти.

Жыйындын жүрүшүндө Болотбек Акматовдун чыгармачылык жолу тууралуу слайд көрсөтүлүп, кыргыз филологиясы факультетинин студенттери автордун “Жан сезим” аттуу ырлар жыйнагынан көркөм окушуп, “Дубаланган курма” чыгармасынан сценка көрсөтүштү жана ыр, бийлерди аткарышты.

Добавить комментарий