Юридикалык колледждин окутуучулары 2024-жылдын ноябрь айында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык илимий-методикалык борбордон 72 саат көлөмүндө «Орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу процессин модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу»,  “Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары” жана «Орто кесиптик окуу жайларында кредиттик технология боюнча окутуу процессин уюштуруу» темалары боюнча 10 күндүк квалификацияны  жогорулатуу курсунан окуп келишти.

Төмөнкү темалар каралды:

  • Мамлекеттик билим берүү стандарты (МББС). Компетенттүүлүктүн негизинде окутууда МББСтын ролу
  • Билим берүүдɵгү менеджмент жана заманбап технологиялар
  • Педагогикалык чеберчилик негиздери
  • Заманбап педагогикалык технологиялар
  • Билим берүүдɵгү компетенттүүлүк мамилелер
  • Компетенттүүлүккɵ негизделген негизги билим берүү каражаттары
  • Кесиптик орто ББ окуу жайларындагы кредиттик технология
  • Практикалык кɵндүмдɵрдү бышыктоо.

Орто кесиптик билим берүү уюмдарында компетенттүүлүккɵ негизделген негизги билим берүү каражаттары,  заманбап технологиялар,  билим берүүдɵгү менеджмент жɵнүндɵ тренерлер  п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана п.и.д., профессор К.Д Добаев кызыктуу маалыматтар менен бɵлүшүп, таанып-билүүчүлүк максатына жетти.

Квалификацияны  жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар  тапшырылды.

(С) Иманалиева Наргиза – методика иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий