2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, КУУнун юридикалык институтунун жазык укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б.Д.Какешов биология факультетинин «Биоэкология» багытындагы студенттери жана окутуучулары үчүн «Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу» деген темада семинар өткөрдү.
Аталган лекция жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү “Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү” алкагында өткөрүлүп, келечекте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине мамлекеттик кызматка кабыл алынышы мүмкүн болгон биоэколог студенттерге арналган.
Семинардын жүрүшүндө студенттер коррупциянын түшүнүктөрү, түрлөрү, коррупциялык кылмыштарга эмнелер кирет жана аны алдын алуу жолдору, коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери менен таанышышты.
Болочок экологдордун эң кызыктуу суроолору коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо, аларды азайтуу жана жоюу ыкмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу болду.
(С) Карипова Н.Т. – ага окутуучу


