2024-жылдын 12-ноябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун ПСХ(б)-1-24, ПСХ(б)-2-24, КПСХ(сп)-1-24 тайпасынын студенттери Д.Кулбачаев, Г.Элтузерованын жетекчилиги астында Т.Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклин көрүп, көтөрүңкү маанайда эс алып кайтышты.
Адам абийири тууралуу драма студенттерге аябай жакты. Адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп, алардын өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалаган чыгармадан студенттер өздөрүнө пайдалуу, керектүү маалыматтарды алып келишти.
(С) Г.Ж.Элтузерова – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу

