Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин студенттери 2024-жылдын 11-ноябрында Эл аралык жаштар күнүнѳ карата “Акыл таймаш” аттуу интеллектуалдык оюнга катышышты.
Таймашка Каракол шаарындагы башка окуу жайлардын студенттик активдери катышып, командалар “Жаштардын коомдогу орду жана укуктары” деген темада докладдарын окуп, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты.
(С) Миргуль Амангельдиева – тарбия иштери боюнча декандын орун басары




