Археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти Орозбек Солтобаев орто кылымдардагы Карахандык ири шаар Кочкор-Башы шаар урандысынын аймагынан археологиялык курулуш мончону (хамам) казуу изилдөө иштеринин жүрүшүндө тапты.

Доцент О.Солтобаев жана институттун студенттери Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын жана Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 “2023-2027-жылдар аралыгында “Көөнө тарых сырлары” тарыхый маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча токтомун ишке ашырууда Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылында кезектеги археологиялык казуу иштерин жүргүзүштү.

Изилдөө Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагында жайгашкан элдик уламыштар Төрт-Куль, белгилүү аалым М.Кашгаринин маалыматындагы Кочкор-Башы шаар урандысындагы казуу иштери байсалдуу болгондугун Орозбек Солтобаев маек берди:

-“Жазма булактарга таянып чагылдырып келе жаткан XI-XII кылымдардагы карахандык Кочкор-Башы шаарынын ордунан быйыл олуттуу маданий жана турмуш-тиричиликтик эстелик жайы казылып, Кум-Дөбө шаар чалдыбарынан  ушул күндөрү мусулмандык мончо (арапча “хаммам”) болгон кызыктуу имараттын орду изилденди. Бул Теңир-Тоодогу алгачкы ачылган эстелик. Ошондой эле тыйындар, карапа идиштер, суу түтүктөрү ж.б. ачылды. Бүгүнкү күндө бул объектини музейлештирүүнү (сактоо, реставрация жана реконструкция) тийиштүү мамлекеттик мекемелер тарабынан ишке ашырылмакчы.

Тарыхчы, доцент Орозбек Солтобаев 2024-жылдын 14-октябрынан 14-ноябрга чейин улантылып жаткан казуу иштерине КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институтунун 2-курсунун студенттеринен тышкары дагы бир катар жергиликтүү тургундар жигердүү катышып жатышкандыгын баса белгилеп айтты.

(С) Айдар Шейшенов- институттун директордун орун басары

Добавить комментарий