КУУнун алдындагы Конфуций институту 2024-жылдын 9-ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу кытай тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча эң жогорку деңгээл HSK7-9 тестин ийгиликтүү өткөрдү.

Бул экзамендин үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун жумушчу тобу China Testing International уюму тарабынан уюштурулган онлайн тренингине активдүү катышты жана экзаменге толук даярдыктарды көрүштү. Экзамен күнү жумушчу топ жабдыктарды, интернеттин ылдамдыгын текшерип, сынактын жакшы өтүшүн камсыз кылды.

Кытай тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынактар арасында бул сынак «Эң жогорку деңгээл» деп эсептелет. HSK 7-9 кытай тили боюнча тести беш бөлүктөн турат: угуу, окуу, жазуу, которуу жана сүйлөө. Көптөгөн окутуучулар үчүн HSK 7-9 тести тил жөндөмүн комплекстүү текшерүү гана эмес, ошондой эле окуу чөйрөсүнө жана карьералык өнүгүү жолуна карай маанилүү кадам болуп саналат.

HSK 7-9  сынагынын ийгиликтүү өтүшү Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыктын жана маданий алмашуунун тереңдешинин жаркын мисалы болуп саналат. КУУнун алдындагы Конфуций институту түзүлгөндөн бери ар дайым кытай тилин окутууга жана кытай маданиятын жайылтууга умтулуп келет, ал келечекте “тилди көпүрө катары колдонуу жана достукту бекемдөө” максатын улантат.

(С) Аманбек кызы Нурпейил – Конфуций институтунун координатору

Добавить комментарий