2024-жылдын 7-ноябрында ТIKA төрагасынын орун басары Нажи Йорулмаз, Орто Азия бөлүмүнүн координатору Али Өзгүн Өзтүрк жана Бишкектеги координатору Мехмет Бодур кыргыз филологиясы факультетине иш сапары менен келип, ТИКАнын жардамы менен оңдоп-түзөлүп, жабдылган аудиторияларды текшерип, алардын ачкычтарын тапшырышты.
Конокторду факультеттин деканы Бактыбек Жайлообаев жана түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова тосуп алышты.
Эскерте кетсек, эки тараптуу келишимдин алкагында Кыргыз филологиясы факультетинин 4 аудиториясы жана 3-кабаттын фойеси ТИКА агенттиги тарабынан толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөөдөн өткөрүлүп, керектүү жабдуулар менен толук камсыздалды. Аталган аудиторияларда ТТЕОМЕР түрк тилин үйрөтүү борбору жана Кыргыз филологиясы факультети иш алып барат. Расмий ачылышы университетибиздин ректору, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана ТТЕӨМЕРдин катышуусунда жакын арада өткөрүлмөкчү.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доцент




