Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий иштер боюнча проректору профессор Дылдаев Мирлан Муктаровичтин демилгеси менен жана Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Рыспаев Амантур Орозалиевич Гамбург прикладдык илимдер университетинин (Германия) жасалма интеллект (AI) жана машинаны үйрөтүү чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперт, дүйнөгө таанымал окумуштуу профессор Марина Тропман-Фриктин катышуусунда 6-ноябрда №247 санариптик борбордо онлайн-семинар өткөрүлдү. Онлайн семинарды Мирлан Муктарович ачып берип, профессор Марина Тропманга сөз берилди. Ал өз докладында санариптештирүү, маалыматтарды талдоо жана прогноздоо ыкмаларын түп-тамырынан бери өзгөртүп жаткан жасалма интеллекттин (AI) акыркы тенденциялары жана технологиялары жөнүндө баяндама жасады. Профессор Тропман-Фрик AIнин келечеги жана анын бардык тармактардагы потенциалы тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.
Кийинки сөз Амантур Орозалиевичке берилип, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун атынан профессор Марина Тропман-Фрикке, онлайн-семинарга кирип кызыктуу доклады үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Гамбург университети менен кызматташуу келечегин талкуулоо жана биргелешкен иштин горизонтторун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жогору баалай тургандыгын айтты. AI кантип өнөр жайды, медицинаны, билим берүүнү, айыл чарбаны атүгүл күнүмдүк жашоону өзгөртүп жатканын баяндады. Институт үчүн дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары менен кызматташуу ар дайым артыкчылыктуулугун баса белгиледи. Бүгүнкү семинар биздин институт үчүн маанилүү окуя гана эмес, ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы эл аралык кызматташтыкка карай олуттуу кадам болуп саналарын айтып, кызматташуубуз эки тарапка тең пайдалуу жана жемиштүү болоруна ишенээрин билдирди. Ошондой эле Амантур Орозалиевич институт жөнүндө маалымат берип, учурда иштеп жаткан илимий изилдөө долбоорлору менен тааныштырып, жаңы долбоорлор жана келе жаткан жылы Гамбург прикладдык илимдер университети менен биргеликте эл аралык конференция уюштуруу боюнча демилге көтөрүлүп колдоого алынды.
Кийинки сөз ф.-м.и.д., профессор Сабитов Баратбек Рахманович айыл чарбасында жасалма интеллектти колдонуу илимий изилдөө долбоорунун алкагында, тургузулган моделдер, чогултулган көлөмдүү маалымат базалары жөнүндө баяндама жасап, биргелешкен эл аралык илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу алгоритмдери талкууланды.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун билим берүү программаларынын жетекчилери жана профессордук-окутуучулар курамы активдүү катышып, суроо-жооп бөлүмүндө талкуулар жүргүзүлдү.
(С) Сыдыкова Махабат – илим, билим берүү программалары жана санариптештирүү боюнча директордун орун басары

