2024-жылдын 7-ноябрында Россия Федерациясынын борбор калаасы Москвада “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү” аттуу эл аралык медиафорум башталып, ага журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк катышууда. Аталган масштабдуу, салмактуу иш-чара “Россия сегодня” эл аралык медиатоптун демилгеси менен бир катар жылдардан бери уюштурулуп келет.
Эл аралык маанидеги медиафорумдун алкагында “Заманбап медиа: гезиттерден жана журналдардан жасалма интеллектке чейин” деген аталышта пленардык жыйын өтүп, андан кийин бир нече сессиялар каралган. Алар:
- “Медиа тренддер жана форматтардын күрөшү”;
- “Медиа: келечекти башкаруу”;
- «Бирдиктүү маданий медиа код жана трансулуттук медиа долбоорлор»;
- “Фактчекинг жана контенттин ишенимдүүлүгү”.
Белгилей кетсек, аталган форумда “Россия сегодня” эл аралык медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев, Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин массалык коммуникацияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Екатерина Ларина, КМШнын аткаруу комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Светлана Малинина, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Елена Вартанова жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк спикер болууда.
Институттун директору Ш.Костюк учурдагы атактуу философ, жазуучу, саясат таануучу, социолог Александр Дугин модераторлук кылган «Бирдиктүү маданий медиа код жана трансулуттук медиа долбоорлор» аттуу сессияда спикер болууда. Аталган сессияда бир катар маанилүү маселелер каралып, анын ичинде маданияттар аралык диалог элдердин ортосундагы эң натыйжалуу байланыштыруучу звеного айлануусу, КМШ мамлекеттеринин маалымат каражаттарында маданий алмашууну кеңейтүү үчүн кандай стратегияларды колдонуу натыйжалуу экендиги, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана маданий алмашууну кеңейтүү үчүн кандай практикалык кадамдарды жасоого зарыл, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар өңдүү суроолор талкууга алынды.
“Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүүсү” КМШ мамлекеттеринин медиафоруму – бул учурдагы медиа чөйрөнү талдоо, перспективаларды болжолдоо жана медиа-индустрияны өнүктүрүүдө келип чыккан тобокелдиктерге каршы туруу механизмдерин иштеп чыгуу, медиа чөйрөнүн эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча.
(С) П.Джаныбекова – адис









