2024-жылдын 4, 5 – ноябрында ф.м.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти, ОшМУнун профессору Гүлбадан Матиева математика жана информатика институнун студенттерине “Фракталдар” деген темада конок-лекция окуду.
Сабак учурунда фракталдар жана алардын түрлөрү боюнча кенен маалымат берилип ар бир фракталдын компьютердеги 3d моделдеринин сүрөттөлүшү менен түшүндүрүлүп жатты. Айрыкча туюк сызык болгон бирок бир дагын чекитте дифференцирленбеген Кохтун баракчасынын фракталдары жана химия илиминдеги атомдун структурасынын фракталдары аябай кызыгууну жаратты. Лекциянын аягында көптөгөн суроолорго так жооптор берилди. Лектор заманбап илимдеги фракталдар теориясынын айрым көйгөйлөрүн баса белгилеп бул багытта жасала турган көп иштер бар экенин айтты. Конок-лекцияга институттун мугалимдери, сырттан келген окумуштуулар дагы катышышты.
Г.Матиева дифференциалдык геометрия боюнча ири адис, аялдардан чыккан эң алгачкы илимдин доктору жана КР УИАнын мүчө-корреспонденти. Кыргызстанда өзүнүн илимий мектебин түзүп бир нече илимдин докторлорун жана илимдин кандидаттарын даярдап келет. Бир нече монографиялардын жана китептердин ээси, илимий макалалары дүйнөнүн аброюлуу делген журналдарында байма-бай басылып келет. Айрыкча кыргыз улутунун коллоритин чагылдырган килемдерге, шырдактарга жана кийимдерге улуттук чиймелердин (гүлдөрдүн) геометриясын изилдеп жана китеп кылып чыгарып келет.
(С) Б.Э.Канетов – ф.м.и.д., профессор