2024-жылдын 4-ноябрында №7-жатаканада жашаган педагогикалык колледждин студенттерине жана жатакананын активисттерине концерттик програма менен кошо кечки тамак уюштурулду.
Белгилей кетсек, педколледждин жатаканда жашаган студенттери үчүн түзүлгөн пландын негизинде ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар: поэзия кечелери, баарлашуулар жана оюн-зоок программалары, куттуктоолор, пикир алмашуу жыйындары, саякаттар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
(С) Уланбек уулу Мурат – окутуучу