2024-жылдын 6-ноябрь күнү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценттери Б.А.Малтабаров, А.Ш.Жолдошева, окутуучу Н.Б.Токоева жана студенттери Чүй облусундагы Полтавка айылында жашаган тогуз балалуу жалгыз бой атанын жашоо-турмушу менен жакындан таанышып, материалдык жактан жардам берип  келишти. Каражаттар социалдык иштер багытынын студенттери өткөргөн “Таттуу жарманке” акциясы учурунда жана кафедранын окутуучуларынын ыктыярдуу салымдарынан чогулган.

Жолугушу учурунда Тынчтык агабызга дем берүүчү каалоо-тилектер, жылуу сөздөр айтылды. Жалгыз бой ата студенттерге батасын берип, окууларына ийгиликтерди каалады.

Кайрымдуулук иш-чаранын максаты – келечектеги социалдык иштер боюнча адис болуучу студент-жаштарга изгиликтүү иштердин үлгүсүн көрсөтүү жана аларды кайрымдуулукка, камкордукка тарбиялоо, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү.

Иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн проректорлор А.Б.Шамшиев менен Б.К.Айтахуновго чоң ыраазычылык билдиребиз.

(С) Б.А.Малтабаров –  мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча СГИИнин директорунун орун басары, соц.и.к., доц.

Добавить комментарий