Кесиптик колледждин мыкты окутуучулары, мугалимдери үчүн “Жыл мугалими” деген аталыштагы ачык конкурс жарыялады. Тактап айтканда 2024-жылдын 5-ноябрынан тартып, 2025-жылдын 15-майына чейин баардык тармагынан мугалимдерге кароо сынак өтөт.

Сынакта жобонун талаптарына жооп берген  алдыңкы үч мугалим, Бириккен Араб Эмиратына(Дубай), Түркия мамлекетине жана Ысык Көлгө жолдомо ыйгарылат. Баардык чыгымдар демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. Сынакка катышуу үчүн кесиптик колледждин мугалимдери 2024-жылдын 15-ноябрына чейин жобого ылайык билдирмелерин тапшыруу керек. Жеңиш мыктыларга берилсин.

(С) Рахима Отонбаева — директордун орун басары

Добавить комментарий