2024-жылдын 30-октябрында Пекин шаарында чет элдик орто мектеп окуучулары арасында 17-чи,  башталгыч класстын окуучулары арасында 4-чү ирет “Кытай тили көпүрөсү” конкурсунун финалы болуп, сынак КУУнун алдындагы Конфуций институтунун «Конфуций класстарынын» окуучулары үчүн ийгиликтүү аяктады.

Биздин окуучулар Уметбеков Байнур дүйнө боюнча 60 өлкөнүн 68 башталгыч класс окуучулары арасынан «Мыкты катышуучу» деген сыйлыкка жетишти, ал эми орто мектеп окуучулары арасында Эралкан кызы Айгине 96 өлкөнүн 113 катышуучунун арасынан финалда “Эң мыкты номер” жана “Мыкты катышуучу” деген наамга ээ болду.

КУУнун алдындагы Конфуций институтунун жалпы жамааты үчүн бул чоң жетишкендик! Жакынкы келечекте биздин окуучулар жана студенттер финалдарда алдыңкы орундарды багындырат деген чоң үмүттөбүз!

Сынак тууралуу кыскача маалымат

“Кытай тили көпүрөсү”-  бул бүткүл дүйнөлүк кытай тили боюнча конкурс. 2002-жылы кытай тилин чет өлкөдө окутуу боюнча КЭРдин мамлекеттик комитети тарабынан негизделген. Азыркы учурда КЭРдин Билим берүү министрлигинин колдоосу менен уюштурулат.

“Кытай тили көпүрөсү” чет элдиктер арасындагы эң чоң жана престиждүү конкурс болуп эсептелинет. Сынактын жүрүшү Кытайдын Борбордук телеканалында (CCTV) да көрсөтүлөт.

Аталган сынак Кыргызстанда Бишкек шаарында өткөрүлөт, өлкөбүздүн ар бурчунан конкурсанттар тандалып келип, 1-орунга ээ болгон катышуучу Пекин шаарына Кыргыз Республикасын атынан катышууга жолдомо алат.

(С) Аманбек кызы Нурпейил – Конфуций институнун координатору

Добавить комментарий