ТКТ бөлүмүндө “Тарых, мурас жана иденттүүлүк” цикли Ата-Бейит, Буранада уланды
2024-жылдын 3-ноябрында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата түркология жана котормо таануу бөлүмүндө мерчемдештирилген “Тарых, мурас жана иденттүүлүк” цикли Ата-Бейит мемориалдык комплексинде башталып, Бурана тарыхый археологиялык комплексинде уланды. Бул иш-чара Лингвистика, Котормо жана котормо таануу жана Филология багыттарында билим алып жаткан студент жана магистранттардын катышуусунда ишке ашты.
Эскерте кетсек, аталган цикл “Жанданган мурас” көргөзмөсүнө катышуу, Улуттук тарых музейин кыдырып таанышуу менен башталган.
Жогорудагы пландын алкагында уланган иш-чарага факультеттин тарбия иштери боюнча орун басары Актилек Солтоноев, Бөлүмдүн башчысы Бурул Элебесова, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, п.и.д. Нарбүбү Асипова жана улук окутуучу Фаризат Курамаева, ЛТ-1-24, ККТ-1-23, ККТ-2-23, ФТМ-1-23 группаларынын студенттери жана магистранттары катышты. Алгач Ата-Бейиттеги ата-бабаларыбыз, залкарыбыз, мекен шейиттерине багыштап Куран түшүрдү. Андан соң бакалавр жана адистиктин студенттери топторго бөлүштүрүлүп магистрант-студенттердин жетегинде түрк тилинде комплекс тууралуу толук маалымат алышты. Анын ичинде “Үркүн” окуясы, репрецияланган интеллигенция, Ч.Айтматов жана Апрель шейиттери жөнүндө лекциялар бар. Комплекстин музей кызматкерлери тарабынан 37-жылы болуп өткөн кандуу окуянын тарыхын баяндаган видео ролик көрсөтүлүп, кеңири түшүндүрмө берилди. Муну менен катар Апрель окуясына байланыштуу “Таазим” музей комплекси зыярат кылынды.
Андан соң Бурана тарыхый археологиялык комплексинде экскурсия уланып, мунара, балбал таштар, музей, эски шаарча калдыктары тууралуу кеңири маалымат алынды. Жалпы 50 студент жана 12 магистрант катышты. Бул жакта да кичи топторго бөлүштүрүлүп, толук кандуу маалымат алмашуу жүргүзүлдү.
Аталган экскурсиянын өзгөчөлүгү студент, магистранттардын биргелешип ишке ашырган иш-чара болгондугунда. Маалымат алмашуу толугу менен түрк тилинде жүргүзүлүп, түрк тили боюнча билим-билгичтик, көндүмдөрүн бышыктоо, магистранттар тарбиялык ачык сабактарын ачык асмандын астында жайгашкан тарыхый эстеликтерди таануу, таанытуу аркылуу өтүштү. Аны менен катар маданияттар аралык байлыныш бекемделди.
Соңунда жаштар студенттер болгону үчүн Гаваи эс алуу жайында орун алган Бугу Эне зоопаркы, жыл сүрүштүрүү элементтерин чагылдырган инсталляцияларды көрүп жагымдуу маанайда кайтышты.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент









